• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Муфтият Палестинадагы жихадга чакырбоону эскертти

6 Жетинин айы 2023 16:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши Израиль менен Палестинанын кагылышына байланыштуу билдирүү таратты.

Анда Израилдин Газа тилкесиндеги карапайым калкка жасаган аракеттери «адамзатка каршы кылмыш» деп аталган

Алардын айтымында, Палестинага барып, согушка катышуу шарияттын эрежелерине туура келбейт. Аалымдар жарандарды Газа секторуна гуманитардык жардам көрсөтүүгө чакырат.

“Эң негизгиси, материалдык жардам көрсөтүү шариятыбыздын учурдагы абалга карата мойнубузга жүктөгөн талабы болуп саналат. Палестина калкына карата жарыяланган каргашалуу согушка байланыштуу соцтармактарда ар кандай чакырыктар жайылып жатат. Эмоциалдык сезимдерге алдырып жеке же кандайдыр бир уюшкан топтор менен бирге жихад деген ниетте Палестинага баруу шарияттык эрежелерге сыйбайт деп эсептейбиз”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин УКМК Палестинага барууга камынгандарга эскертүү берген.

Количество просмотров: 138