• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мугалимдердин айлык акысы 30 пайызга көбөйтүлдү

30 Аяк оона 2019 11:11 Бишкек Govori.TV

Мугалимдер октябрь айындагы эмгек акысын жогорулатылган көлөмдө ала алышат. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда маалымат жыйында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, айлыктын көтөрүлүшү билим берүү тармагында эмгектенген 5-6 категориядагы 120 миңге жакын адиске тиешелүү болот. Аларга бала бакча, мектеп жана интернат мугалимдери да кирет.

Учурда министр бул токтомго кол коюп жатат. Жумасына 20 саат менен иштеген мугалим буга чейин 12 миң сом айлык алып келсе, анын айлыгы эми 18 миң сомго чейин көтөрүлөт, – деп билдирди Н.Джусупбекова.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча мектептерде 74 миң 709 мугалим эмгектенет.

Количество просмотров: 999