• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мугалимдердин маянасы кандай саналат? Тизме.

1 Тогуздун айы 2019 18:24 Бишкек Govori.TV

Билим берүү министрлиги окуу программалары жана негизги окуу планы менен бекитилген сааттардын санын кыскартпайт. Мектепке чейинки, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окуу программалары да өзгөрбөй турганын билдирет.
1-октябрдан жалпы билим берүү мекемелериндеги бардык категориялар боюнча айлык акысы көтөрүлгөн кызматкерлердин саны:

  • 74 709 жалпы билим берүү мекемелериндеги мугалимдер;   
  • 7 694 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары;
  • 3 680 кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлери;
  • 7 427 орто билим берүү кызматкерлери (коллеж);
  • 23 339 билим берүүнүн башка кызматкерлери (бардик билим берүү уюмдарындагы админстративдик башкаруу персоналы, кошумча кружок өтүүчү мугалимдер, методистер, балдар үйлөрүнүн жана мектеп интернеттарынын тарбиячылары).
    Ошондой эле өкмөттүн чечими менен китепканачылардын маянасы жана китепкана иши үчүн кошумча төлөмдөрү жогорулаган.
    Жалпысынан билим берүү тармагындагы 120 000ге жакын кызматкердин айлыгы көтөрүлдү. Бул үчүн 2019-жылдын октябрь-декабрь айларына 1 742,5 млн сом керектелсе, 2020-жылга 6 969,6 млн сом сарпталат.
    Билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги кенже техникалык кызматкерлердин айлык акысы кыскартылбай турганын эскертет.
    Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысынын өзгөрүшү боюнча таблица.

Билим берүү министрлиги мугалимдердин маянасы кандай болоорун тизме менен көрсөттү.

https://govori.tv/wp-content/uploads/2019/10/mayana-tablitsasy.docx

Количество просмотров: 142