• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мунарбек Сейитбек уулу эл аралык бокс федерациясынан 25 миң доллар сый акы алат

15 Баш оона 20241:20 Бишкек Govori.TV

Жайкы Париж Олимпиадасынын күмүш байгеге ээ болгон үчүн эл аралык бокс федерациясы Мунарбек Сейитбек уулуна 25 миң доллар сый акы берет. Дагы 25 миң долларды машыктыруучусу менен Кыргызстандын бокс федерациясы бөлүп алат.

Эл аралык бокс федерациясы -IBA Париж Олимпиадасынын алтын, күмүш жана коло байге ээлерине ири суммадагы акчалай сыйлыктарды ыйгарат.

Бокс боюнча алтын медаль ээлерине 100 миң доллар, анын 50 миң долларын спортчу алат, 25 миң долларын машыктыруучу жана бокс боюнча улуттук федерация 25 миң доллар алат.

Бокс боюнча күмүш байгеге ээ болгондор 50 миң доллар сый акы каралган, анын 25 миң доллары спортчуга жана 25 миң долларды машыктыруучу менен улуттук бокс федерациясы бөлүп алат.

Бул каражат допингге каршы процедуралардан ийгиликтүү өткөндөн кийин гана берилет. Кыргызстандын бокс тармагында тарых жараткан Мунарбек буюрса эл аралык бокс федерациясынын сыйлыгы менен да сыйланат.

Количество просмотров: 537