• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандык ырчылар «Интервидение-2025» сынагында экинчи орунду ээледи

21 Аяк оона 202515:29 Бишкек Govori.TV

Күн мурун Москва шаарында эл аралык музыкалык сынак «Интервидение-2025» жыйынтыкталды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей,
аталган престиждүү иш-чарада «Nomad» триосу Кыргызстандын намысын коргоп, 23 өлкөнүн ичинен экинчи орунду ээледи.

Сынактын түз эфириндеги көрсөтүүсү 23төн ашуун өлкөнү камтып, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон көрүүчүлөрдү өзүнө тартты.

Белгиленгендей, кийинки «Интервидение-2026» сынагын өткөрүү укугу Сауд Аравиясына берилди.

Количество просмотров: 175