Мунарбектин финалга чыкканына биз эмес, олимпиадага барган өзбекстандык спортчулар, машыктыруучулар дагы кубанып, куттуктап жаткан видео соцтармакка тарады.
Буга чейин өзбек машыктыруучусу Акмол Хасанов Мунарбек рингге чыкканда суу берип, бет аарчы менен желдетип кам көрүп, күйүп-бышып, “оор соккуларды алба, өзүңдү сакта деп” кеңеш берип жатканы жүрөк жылытса, бүгүнкү боордошторубуздун куттуктоолору, жеңишке жетсе экен деп сүрөгөндөрү Орто-Азиядагы ынтымактын бар экенин көрсөтүүдө.
Бул олимпиададан казак-кыргыз-өзбек спортчулары бири-бирине колдоо көрсөтүп, тилектештик кылып, аяр мамиле жасап жатышканы жүрөк жылытат.