• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Мурдагы депутаттын аялы УКМК башчысына кайрылды

11 Үчтүн айы 20268:53 Бишкек Govori.TV

Өзүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиевдин жубайымын деп тааныштырган Батма Ормонова УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Ал жолдошунан зомбулук көрүп келгенин айтып видео кайрылуу жасады.

Анда беш баланын энеси, 60 жаштан ашкан аял өзүнүн жана балдарынын коопсуздугу коркунучта экенин белгиледи:

“Кайсыл күнү кирип келип мени чаап кетет деп коркунучта жашап жатам. Азыр көчөдө калуу коркунучунда турам. Анткени үйдөн чык, акың жок, бул эжемдин үйү деп кубалап жатат. Биз жашап жаткан үйдү өзүбүз уста багып салганбыз. Кайра-кайра аял алганын балдарым үчүн кечирип отурсам, үйгө келип мага, балдарга кол көтөрүп, өмүрүбүзгө коркунуч жараткандыктан коомчулукка чыгууга аргасыз болуп жатам”, — деген экс-депутаттын жубайымын деген аял.

Ал видео кайрылуусунда экс-депутатты көп аялдуулукка айыптаган. Айрым маалымат каражаттары Батма Ормонованын видео кайрылуусун жарыялады.

Аккулу Бердиев бул тууралуу үн ката элек.

Количество просмотров: 207