Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаков кармалды. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазды.
Маалым болгондой, ал алдамчылыкка шектелүүдө.
Ички иштер министрлиги Разаковдун кармалышы боюнча маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.
Белгилей кетсек, Разаков буга чейин кыргыз өкмөтүнүн коопсуздук жана чек ара маселелерине жооптуу вице-премьер-министр болгон. Ал 2020-жылы өз каалоосу менен иштен кеткен.