• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жеңиш Разаков жол эрежесин 264 жолу бузуп, айып пул төлөгөн эмес. «Вега» журналистти сотко берди

25 Бугу 2021 19:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырган «Вега Оперейтинг Компани» ЖЧКсынын журналист Улукбек Карыбек уулуна карата доо арызын карап жатат.

Компания ар-намысты жана кадыр-баркты коргоону көздөп, 100 миң сом моралдык чыгым талап кылган. Белгилүү болгондой, буга чейин журналист Коопсуз шаардын иши боюнча иликтөөнү өзүнүн YouTube каналына жарыялаган.

«Журналисттик иликтөө жүргүзүлдү, анда «Вега» компаниясынын кызматкерлери жана кызмат адамдары тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузган фактылар бар. Айып пулдар жокко чыгарылган. ЖЧКнын директору Арман Насипкуловдун унаасы жол эрежесин 91 жолу бузган, бирок айып пул эч качан төлөнгөн эмес. Мурунку вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жол эрежесин 264 жолу бузуп, айып пул төлөгөн эмес. Ал автоунаа жасалма номурлар менен айдаган. Жалпысынан 5 734 айып пул жокко чыгарылды», — дейт Улукбек Карыбек уулу.

Количество просмотров: 2616