• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Мурдагы күйөөсүн 9 жылга каматкан Есентаева, бир жыл өтпөй  башка күйөөгө чыкты

8 Бештин айы 2017 17:24 Бишкек Govori.TV

Казакстандын белгиүү алып баруучусу, актриса жана продюсер Баян Есентаева 7-декабрда бизнесмен Турсенгали Алагузовго турмушка чыкты. Алар официалдуу түрдө никеге турушуп, Баян Есентаева жаңы жубайынын фамилиясына алды. Бул туурасында Казакстандын маалымат каржаттары жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, бул Баян Есентаеванын экинчи турмушу. Биринчи күйөөсү Бахтыбек Есентаев 2016-жылдын 10-июнунда Баянды сабап, бир нече жолу бычак менен сайган. Соттук иштин жүрүшүнүн 4-айында алып баруучу жолдошун кечиргендигин айткан. Бирок, Алматанын соту Есентаевди “Өлтүрүү үчүн кол салган” деген берене менен, 9 жылга эркинен ажыратып, күчөтүлгөн режимдеги абака камаган. Жубайлардын уруш кызганычтан улам болгондугун көп айтылды.

Количество просмотров: 6