• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Мурдагы маданият министирин ээрден шыпырган баткендик мумия музейге кайтарылат

15 Бештин айы 2017 16:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.12.2017. Govori.TV.

Парламенттик комиссия Тарых музейинен Баткенге жеткирилип, жерге берилген мумияны кайра кайтаруу тууралуу сунушун берди. Бул тууралуу Азаттыка маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов билдирди.

Эми жол-жобо боюнча бул маселе парламенттик комитетте каралышы керек. Комиссиянын чечими бекитилгенден кийин өкмөткө тапшырма берилет. Ошондон кийин мумияны ордуна кайтаруу иштери башталат. Бул мен үчүн, министр катары, абдан жакшы кабар.

Министр “мумия казылып кетиптир, башка киши көмүлүптүр” деген сөздөрдү имиш деп атап, аны кайтаруу боюнча өкмөттүн тапшырмасы бар экенин, милиция кызматкерлери кайтарып турарын билдирди.

“Мумияны музейден чыгарып, көмгөнгө  чейинки видеосу бар”, — деп белгиледи Жумагулов.

Министр эгер чечим чыкса мумия Тарых музейине кайтаралышы керек деп эсептейт.

1970-жылдардан бери борбордук тарых музейинде турган мумия Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге 14-октябрь күнү көмүлгөн. Окумуштуулардын маалыматы боюнча, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казылып алынып, Бишкектеги борбордук Тарых музейине алып келинген. Айрым маалыматтар боюнча, мумия 4-5-кылымдарга таандык.

Мумияны кайра жерге көмүү демилгесин бир катар коомдук уюмдар көтөрүп чыгышкан. Маданият министрлиги бул маселени карап, 12-октябрда мумияны кайра ордуна алып барып, көмүүгө чечим чыгарган.

Мурдагы маданият министри Түгөлбай Казаков көөнө маданий мурасты — белгисиз аялдын мумиясын кайра көмүүнүн зарылдыгын “экстрасенстер жана кээ бир молдолордун жүйөсү” менен түшүндүрүп, “биз, кыргыздар мусулманбыз, шариятка ылайык өлгөн кишинин жасатын сактоого болбойт, мүмкүн болушунча тез көмүү керек” деп негиздеген. Андан тышкары Кыргызстандын маданият тармагын тейлеген министр мумия 60 жыл арасында илимпоздор тарабынан эч изилденбегенин, аны изилдегендей шаймандардын жана адис-антропологдордун жок экенин да бетке туткан.

Бирок көпчүлүк археолог жана илимпоздор бул чечимге каршы чыгышкан. Алар бийликтен мумияны кайра каздырып алууну талап кылышкан.

Көп өтпөй эле Түгөлбай Казаков да министирликтин ордунан алынды.

Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, парламенттик комиссия түзүлгөн, анын курамына өкмөттүн өкүлдөрү жана окумуштуулар да кирген.

Количество просмотров: 75