Былтыр өлкөдө 187 аял жана 185 бала суицидге барган. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынындагы баяндамасы учурунда билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9 миң 880 учур катталса, 2023-жылы андай фактылар 13 миң 104кө жеткен (3 миң 224кө көбөйгөн же 32,6%га).