• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

22-майда күтүлгөн аба ырайы

21 Бугу 202414:51 Бишкек Govori.TV

22-майда күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүзгү +20…+22 градус болот.

Количество просмотров: 263