• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Мушкер Дмитрий Бивол аялы жөнүндө: «Адекваттуу адамдар анын чыныгы жүзүн көрүп, баарын түшүнөт»

7 Тогуздун айы 202413:57 Бишкек Govori.TV

Буга чейин белгилүү мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы аялы Екатерина Бивол мурдагы күйөөсү алимент төлөбөй жатканын жана атаандашы Артур Бетербиевге бардык жаракаттарын айтып берген. Ал балдары менен Артур Бетербиевге жан тартарын да кошумчалаган.

«Биволдун мага болгон бардык кол салууларынан, уулдарыма алимент төлөбөй, алар менен баарлашуудан таптакыр баш тарткандан кийин, мен билгендеримди айткым келет.
Бел омурткасынын сыныгы, бардык колдоруна бир нече жолу операция жасалган, бир чыканагы катуу ооруйт, сол кулагы тынымсыз шишип, көп жолу сынган, суюктук топтолуп калган. Анын көзү кээде начар көрөт. Эң башкысы ал коркок экен! Бизге сенин жеңишиң керек, Артур», — деп жазган Екатерина Бетербиевге социалдык тармактагы жеке кайрылуусунда.

Екатерина Бивол орусиялык маалымат каржаттарына да интервью берип, кыргызстандык эркектер тууралуу терс пикирин билдирген.

«Мен Кыргызстанда аялдарды абдан сыйлайм, бирок күн сайын мага эркектер аларды кантип басынтып жатканы тууралуу чоң каттар келет. Окуялар меники менен Биволдукуна окшош. Биз уникалдуу окуя эмес, жөн гана атактуу үй-бүлөбүз. Мындай миллиарддаган окуялар бар. Менин психологум айткандай, Дима мусулман эмес, бирок ал жердин маданий өзгөчөлүктөрү бар, анткени ал 12 жашка чейин ошол жерде өскөн. Кыргызстанда эркектер аялдарга жийиркеничтүү мамиле кылышат. Ал жердеги эркектердин 90 пайызы аялдарды экинчи сорт деп эсептешет, ал эми Кыргызстандагы аялдар укмуштуудай, эмгекчил жана боорукер».

Мушкер Дмитрий Бивол экс-жубайы Екатеринанын чуулгандуу билдирүүлөрү тууралуу биринчи жолу билдирүү жасады.

«Екатеринанын жүрүм-туруму акылсыздык. Акыркы айларда жасаган бардык иштери анын аял катары саналган баасын төмөндөттү. Бул маданияттын эң төмөнкү чеги жана анын айткандары буга чейинки ал жөнүндө белгилүү болгон нерселердин баасын кетирди. Ал биздин балдарды өзүнүн жалгыз куралы катары пайдаланып, менин каршылашыма колдоо көрсөтүп, мага жамандык каалап жатат. Бул аял менен көп жыл чогуу жүрдүк, эми бул арзан адам менен эч кандай мамилем жок. Адекваттуу адамдар анын чыныгы жүзүн көрүп, баарын түшүнөт деп үмүттөнөм», — деген Бивол «Фанат ММА» ютуб каналына берген маегинде.

Количество просмотров: 209