• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мушташтан жабыр тарткан окуучунун абалы жакшырып калды

28 Жетинин айы 2018 9:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.11.2018.Govori.TV.
Кара-Сууда окуучулардын жапырт мушташы учурунда бычак сыяктуу миздүү нерседен жаракат алган окуучунун абалы турукташып калды. Бул тууралуу окуучу дарыланып жаткан Кара-Суу райондук ооруканасынын дарыгери Таир Календаров билдирди.
Анын айтымында, окуучунун денесинде жети жерине бычактын мизи тийген. Кан көп кетип, эсин жоготкон бала дарыгерлердин көзөмөлүнөн кийин өзүнө келген.
Буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев Кара-Суудагы мушташка байланыштуу 31 окуучу кармалып, суракка алынганын билдирген. Териштирүү уланууда.
Окуя 22-ноябрга караган түнү болгон. Кара-Суу районунун Жоош жана Сарай айыл аймактарынын 10-11-класстарынын окуучулары мушташып, анда 15 жаштагы окуучу жаракат алган.

 

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 36