• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мыкаачылык менен Москвада өлтүрүлгөн өзгөндүк эки досту кафеден күч менен унаага салып кетишкен

10 Үчтүн айы 2018 18:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.01.18.Govori.TV

Москва дарыясынын жээгинде бычакталган денеси табылган кыргызстандык эки кишини кафеде отурган жеринен белгисиз адамдар күч менен унаага салып кетишкен. Бирок маркумдардын туугандарына кафедеги видеокамерадагы жазууну көрсөтүүдөн баш тартып жатышат. Бул тууралуу активист Жылдыз Осмонова социалдык түйүн аркылуу жарыялады.
«28-декабрда маркум Мурат (кара футболкачан, 1981-жылы туулган) айлыгын алып, 10-январга чейин жумуш жок боло турганын билип, Кыргызстанга учайын деп пландаштырып жаткан. Бирок Москвага келгенине 1 эле ай болгондуктан келинчеги менен кеңешип, кетпей калган.

Мурат 3 баланын атасы, евростилдеги оңдоо иштерин жасаган чебер, 5 маал намаз окуган киши эле. 15-февралда экинчи уулуна Германияда экинчи жолу операция жасалмак. Ага чейин Кыргызстанда убактылуу жумуш токтогондуктан операцияга тыйын топтоп алайын деген ниет менен Москвага аттанган.
Гиршпрун синдрому менен 4 жылдан бери жабыркаган 7 жашар уулу дааратканага бара албайт, ичегилеринен заарасы чыгат.

Мурат жашаган батирдеги досунун агасы Искен (ак футболкачан) ошол күнү аны кошо ээрчитип чыккан. Ал бейтааныш балдар менен жолугуп келүүгө шерик болсун деп өтүнгөн. Алар метродогу кыргыздардын «Алмаз» деп аталган кафесине барып, ошол жерде түнкү саат 03:00гө чейин болушкан. Түнкү 03:00 чамасында кыргыз балдар келип, аларды күч менен унаага салып кетишкен. Ошол күндөн тартып туугандары издеп жаткан.

Туугандары аталган кафенин жамааты видеобайкоону карап, маркумдарды кимдер алып кеткенин көрсөтүүнү өтүнгөндө каршылык көрсөтүп, көргөзбөй, ар кандай шылтоону айтканына нааразы.

Маркум Искендердин Москвада келинчеги, бала-чакасы жана туугандары бар экен. Ал эми Мураттын Москвада эч кимиси жок болгонуна байланыштуу сөөгүн узатууга жана 7 жаштагы уулунун операциясына кол кабыш кылалы. Анын артында 3 баласы менен келинчеги боздоп калды. Эң улуу баласы 8 жашта, экинчиси 7 жашта жана кызы 9 айлык», — деп айтылат билдирүүдө.

Кылмыштуу топко байланышкан жагдай

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги маркумдардын бири — Ж.И.Т. 2015-жылдан бери «Сакал» каймана аттуу Улан Токтосуновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турганын тастыктаган.

Аталган факты боюнча Москва облусунун тергөө комитети Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин негизинде (адам өлтүрүү) кылмыш иш козгоду. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Турмуш

Количество просмотров: 7