• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Сот аткаруу кызматы «Тюбетейка» ресторанынын иши боюнча билдирүү таратты

5 Кулжа 202613:16 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратуранын алдындагы Сот аткаруучулар кызматы Бишкектеги «Тюбетейка» ресторанынын иши, имаратты ижарачылардан бошотуу аракети тууралуу түшүндүрмө берди.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүндө «CH» ЖЧКсына таандык Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан кыймылсыз мүлктү пайдаланууга тоскоолдуктарды жоюу жөнүндө аткаруу өндүрүшү жүргүзүлүүдө. Аткаруу документи 2026-жылдын 3-февралында Биринчи май райондук соту тарабынан берилген.

«Аткаруу документи мажбурлап аткарууга 4-февралда келип түшкөн. Аткаруу өндүрүшүнүн алкагында 19-февралда карызкорго соттун чечимин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш тапшырылган. Аткаруу документиндеги талаптар аткарылбагандыгына байланыштуу сот аткаруучу тарабынан аткаруу аракеттери 4-июнга дайындалып, бул тууралуу тараптар мыйзамда белгиленген тартипте алдын ала маалымдалган.

Аткаруу аракеттерин жүргүзүү учурунда карызкор мүлктүн бир бөлүгүнө кирүүгө мүмкүнчүлүк берип, өзүнө таандык мүлктү өз алдынча алып чыгып кетүү ниетин билдирген жана эч кандай дооматтары жок экендиги тууралуу жазуу жүзүндөгү арыз берген. Андан кийин сот аткаруучу мыйзам талаптарына ылайык мүлктү каттоону (тизимдөөнү) баштаган.

Сот актысын аткаруу процессинде жайга кирүү жана мындан аркы аткаруу аракеттерин жүргүзүү менен байланышкан тоскоолдуктар жаралган. Ушуга байланыштуу аткаруу иш-чаралары күбөлөрдүн, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана ыкчам аракеттенүү тобунун катышуусунда жүргүзүлгөн. Бардык аракеттер белгиленген тартипте тиешелүү процесстик документтерди тариздөө менен катталган.

Сот аткаруучулар кызматы кызматкерлердин бардык аракеттери мыйзамда берилген ыйгарым укуктардын чегинде гана жүргүзүлгөнүн жана мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимин аткарууну камсыз кылууга багытталганын белгилейт», — деп билдирет мекеме.

Бишкектеги «Тюбетейка» ресторанын имараттан күчтөп чыгаруу аракети болуп жатканы тууралуу маалыматтар 4-июнда соцтармактарда тараган. Айрымдар муну рейдерлик деп аташкан.

Количество просмотров: 6