Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен Түптүн 21 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, браконьер 10-августта облустук туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Кармалган И.А., аттуу жарандан далил катары үйлөмө резина кайыгы, 3 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана мыйзамсыз кармалган 19 даана балык, анын ичинен 17 даана «Карась» жана 2 даана «Судак» балыктары алынды.
Аталган факты боюнча материалдар Түп РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, келтирилген чыгымды аныктоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарга жолдомолор жөнөтүлдү.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.