• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мыйзамсыз дары ташыган кытай жарандары кармалды

23 Аяк оона 202411:00 Бишкек Govori.TV


Нарындагы бажыкана контрабандалык дары-дармектерди алып келүү фактысын аныктаганын Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

«Торугарт-автодорожный» постунда “Shacman”, “Howo” үлгүсүндөгү унааларын айдап бара жаткан Кытай Эл Республикасынын жарандары А.В жана А.А. текшерүүгө алынган.
Жүк ташуучу унааларды текшерүү учурунда Кытайда чыгарылган 700 таңгак дары-дармектер жана 6 даана оор жүк ташуучу дөңгөлөктөр табылган. Жүктүн эч кандай документтери болгон эмес. ЕАЭБ бажы кодексинин 379-беренесине ылайык, унаалар Нарын шаарындагы «Хасл» убактылуу бажы көзөмөл аймагына өткөрүлдү.

Бул факты боюнча материалдар топтолуп Нарын облустук прокуратурасына жиберилди.

Количество просмотров: 88