• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Мыйзамсыз түрдө 25 кг күмүш буюмдарды алып чыгууга аракет кылган казак жараны кармалды

23 Бугу 2023 11:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан Казакстанга баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-майда УКМК тарабынан чек ара кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз жүгүртүүнү, ошондой эле Кыргызстандын Казакстан менен мамлекеттик чек арасы аркылуу баалуу металлдарды алып чыгуу каналын мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө «Ак-Жол-Автодорожный» өткөрүү пунктунда жалпы салмагы 25 кг 925 күмүштөн жасалган зер буюмдарын эч кандай уруксаат кагазы жок коңшу өлкөгө мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурунда Казакстандын Б.А.М аттуу жараны кармалган.

Учурда жогорудагы баалуу металлдарга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн жана келип чыгышын аныктоо ошондой эле милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун суммасы боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Количество просмотров: 52