• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында күмүш медаль алды

27 Жалган куран 20259:42 Бишкек Govori.TV

Кыргыз балбаны Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду.

Кыргызстандык балбан 67 кг салмак категориясында күч сынашып, 1/4 финалда Индиянын спортчусун бир жарым мүнөттө жеңген, ал эми жарым финалда жапон балбанын уткан.

Финалда ал ирандык Олимпиада чемпиону Саид Эсмаили менен беттешип, 0:3 эсебинде утулду.

Бул — Кыргызстандын Азия биринчилигиндеги алгачкы күмүш медалы. Мурдараак куржунга бир коло медаль түшкөн.

Количество просмотров: 124