• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан наркы 2,4 млн сомдук мандарин жана кийим кармалды

24 Бирдин айы 2021 11:44 Бишкек Govori.TV

Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан наркы 2,4 млн сомдук мандарин жана кийим кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен облусунда У.А.Д. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “ Mersedes-Benz Sprinter ” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан мандарин жана спорт кийимдери табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 2 млн 411 миң 480 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 223