• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Мыкты мектептер аталды (тизме)

21 Кулжа 2023 11:05 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда 2022-жыл жыйынтыгы боюнча алдыңкы иш тажрыйба үлгүлөрү, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрү жана жетишкендиктери менен айырмаланган бир катар мектептер сыйланды.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева катышты. Ал окуу жылын ийгиликтүү аяктап, алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен жалпы билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүн куттуктап, аларга сыйлыктарды тапшырды.

«Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен 2022-жылдын февраль айынан тартып өлкө аймагында мыкты мектептерди тандоо боюнча иш-чара уюштурулуп келген. Жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин жыйынтыктоо үчүн атайын көз карандысыз калыстар тобу түзүлүп, ачык-айкын жыйынтыктар чыгарылды. Калыстар тобунун сунушу менен “Эң мыкты” деп табылган мектептин бир кабинети заманбап үлгүдөгү технологиялар менен жасалгаланат. Бүгүн талыкпай эмгектенип келген мектептердин эмгек жамааттарын, окуучуларын, алардын ата-энелерин куттуктоого кезек жетти. Албетте, ар бир сынакта жеңүүчүлөр чыгат, бирок биз үчүн сиздер баарыңыздар мыктысыздар”, — деди Токтобүбү Ашымбаева.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби «Эң мыкты мектеп» наамына татыды.

Мыкты деп таанылган жалпы билим берүү уюмдарынын рейтинги менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Количество просмотров: 389