Абу-Даби шаарында UFC 308тин мелдеши болуп өттү. Ага кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу катышкан.
Ал польшалык мушкер Матеуш Ребецкиге каршы чыгып, кызыктуу оюн көрсөттү. Мушташтын башында эле Мыктыбек көзгө катуу сокку жеп, көзү шишип, толук жабылып калды.
Кармаштын үчүнчү раунду кызык болду. Поляк мушкери Мыктыбекти нокдаунга жиберүүгө аракет кылды. Бирок Мыктыбек мушташты токтоткон жок. Аягында Мыктыбек кырдаалды көзөмөлдөп, поляк мушкерин жеңүүгө аракет кылды, бирок ал да жөн турбады.
Ошентип, мушташтын үч раундунун жыйынтыгы менен калыстардын бири жеңишти Мыктыбек Оролбай уулуна ыйгарса, калган эки калыс жеңишти Матеуш Ребецкиге ыйгарышты. Жыйынтыгында поляк мушкери жеңүүчү болду.