Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү рейтингдик мелдеште 1 күмүш, 2 коло медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Албаниянын Тирана шаарына өтүп жатат.
Алсак, 65 кг чейиники салмакта Тайырбек Жумашбек уулу күмүш медаль жеңсе, Билол Шарип уулу (65 кг) жана Алмаз Сманбеков (57 кг) коло медалга ээ болушту.