Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатына мандат берилгенден кийин анын документтери кайра текшерилбей турганын билдирди. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Азаттыкка” курган маегинде айткандай, шайлоонун жыйынтыгы жана кайсы бир талапкерди жеңүүчү деп тааныган токтом жокко чыгарылбайт.
“Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо өткөндөн кийинки токтомдору сот тарабынан кандай гана негизде болбосун, кайрадан кароого тыюу салынат. Мурда БШК Жогорку Кеңештин депутатына мандатын берип, бир-эки жылдан кийин соттун чечими менен биз ал мандаттарды жокко чыгарып, башка талапкерге берген учурлар болду. Азыр андай болбойт”, — деди Шайназаров.
Ал эми депутатка кылмыш жасаганы үчүн соттун чечими чыкса, ошонун негизинде гана мандатынан ажырашы мүмкүн.