Надира Жусупбекова Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.
Жусупбекованы министрликтин жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.
Белгилей кетсек, буга чейин кызматты Муратбек Касымалиев аркалап келген. Касымалиев башка ишке которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Эске салсак, Жусупбекова буга чейин бул кызматты 2018-жылдын апрелинен 2023-жылдын майына чейин ээлеген.