“Куурчак театры – бул билим берүүнүн жана балдарды тарбиялоонун бир бутагы. Искусствонун бул түрүн алып кете алган артисттер чанда гана. Ага жан берүү, эмоция берүү, бөбөктөрдү ишендирүү, кыймылдатуу — мунун баары бир учурда болгондуктан, артисттен чеберчиликти, ийкемдүүлүктү, элпектикти, кубулуп туруучу үндү талап кылат. Ал эми Москвада өтүп жаткан фестивалда катышуу үчүн негизги талап катары, 10 жаштан жогоркуларга катышуу сунушталган. Арасында 14-16 жаштан жогоркулар катышчу спектаклдер да бар.
Фестивалда коюлучу спектакль – Улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун терең философиядагы “Кылым карытар бир күн” романынан алынган бир үзүм баян болот. Инсценировкасын иштеп чыккан Бакы Өмүралиев, койгон режиссер – Казахстан Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери – Бекпулат Парманов, сүрөтчүсү – Юлдаш Нурматов, музыкасын жазган – Ырысбек Усманов» -деди Алеся Раимкулова.