Бишкек. 15.08.2019. Govori.TV
Ысык-Көлдө казино иштетүүгө уруксаат бериш керек. Мындай пикирин Govori.TV агенттигине берген маегинде Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев билдирди. Ал кошумчалагандай, казинону ачып, бирок биздин оюнчуларга тыю салып койсо болот. Буга мисалы орусияны алууга болорун айтат Нариман Түлеев. Белгилүү болгондой Россия Федерациясында негизи үч түйүн иштейт. Сочине бир күндүк казинодон түшкөн киреше бир миллиар доллар чыгат экен.