• Жекшемби 21 Кулжа 2026
  • Воскресенье 21 Июнь 2026

Нарын: Айдоо талааларында инвазияга каршы химиялык дарылоо иштери жүргүзүлүүдө

20 Кулжа 201815:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.06.2018. Govori.TV

Нарын облустук өсүмдүктөрдү коргоо кызматынан 7 даана атайын микронер менен жабдылган дары себүүчү унаа тартылып, 2018-жылдын 20-май күнүнөн баштап Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондорунун айдоо талааларында инвазияга каршы химиялык дарылоо иштери жүргүзүлдү.Бул тууралуу  ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта бүгүнкү күнгө чейин 38450 га айдоо жерлерине дары себүү иштери жүргүзүлгөн. Иш-чаралар 20-июнь күнү улантылат.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын май айында Нарын облусунун райондорунда Жарандык коргонуунун жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо кызматы тарабынан атайын пландын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, жалпы облус боюнча 42 266 га айдоо аянттарын жана жайыттарын чегиртке каптагандыгы аныкталган.

Буга байланыштуу Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын райондорунун жайыттарында жана талааларында пайда болгон чегиртке, курт-кумурскалардан өсүмдүктөрдү коргоо максатында, 2018-жылдын 13-июнь күнү облустук Жарандык коргонуу комиссиясынын кезексиз отуруму өткөрүлүп, комиссиянын 2018-жылдын 13-июнь №7 протоколунун негизинде “Өзгөчө кырдаал режими” киргизилген. 

 

Количество просмотров: 90