• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Нарында булуттун арасында “учуучу  табакка” окшош нерсе көрүндү

22 Бугу 2018 18:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.05.2018. Govori.TV

Нарын шаарынын атын атагысы келбеген тургуну өзүнүн телефонуна “учуучу тарелканы” тартып алган. Бул тууралуу Govori.TV сайтынын Нарындагы кабарчысы Майрамбек Өмүрбаев билдирди.

Тартып алган тургундун айтуусуна караганда, асмандан жарык көргөнүн байкап, аны бир нече жолу сүрөткө тартып алган. Жыйынтыгында мына мындай сүрөттөр пайда болгон. Өзү мусулманчылык жолдо, орозо кармап жүргөн тургун бул чындыгында эле “учуучу тарелкабы же жөн эле ушундай кубулуш аппаратка тартылып калдыбы?” деп таң калып турган кербези.

Албетте, мындай кызыктуу сүрөт, көпчүлүктү да таң калтырса керек.

Количество просмотров: 15