Бишкек.10.01.2018.Govori.TV
Кечээ, 9-январда Чаек — Кочкор унаа жолуна түнү менен кум төгүлдү. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги аймактык кабарчыга жергиликтүү айдоочулар билдирди деп жазды.
Маалым болгондой, Нарын облусунун Жумгал районунун эли менен бүгүн, 10-январда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жолугушмак.
Видеого тарткан жаран Президент келет деп түнү менен жол жасалып жатканын айтып, бет жок э, чоңдордо?,-деп суроо салган.
Айдоочу Марат Жаныбеков унаа жолун президент келгенге чейин эле жол тейлөө кызматкерлери жасап турушса жакшы болорун айтты. Ал эми Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемесинин жетекчилиги эртең менен башталган жол жасоо иши түнгө чейин уланганын билдирди.