• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Нарымбаев: Батукаевдин иши боюнча менин эч кандай тиешем жок

11 Кулжа 2019 12:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.06.2019.Govori.TV.

Май айынын ортосунда Данияр Нарымбаев Турсунбек Акундун айткан сөзүнө байланыштуу сурак берген. Бул тууралуу Нарымбаев өзү билдирди.

«Мен суроолорго жооп бердим, андан кийин Акун менен көзмө-көз беттештирүү болду. Сонуңда экөөбүздөн тергөөнүн купуясын жарыялабоо жөнүндө милдеттенме алынган. Ошондон улам мен ММКга комментарий бергенден баш тартып журдум эле. Бирок, Акун кайта-кайта ММКкаларга чыгып тергөө койгон талаптарды бузуу менен мага тиешелуу чындыкка коошпогон маалымат таратып жатат»,-деген Нарымбаев Акундун ал жөнүндө айткан сөзүнө түшүндурмө берүүнү чечкенин билдирип төмөнкүлөргө токтолду.

«Акундун сөзү боюнча 2013 жылдын апрель айында Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча депутаттык комиссиянын алдына барарда менден кеңеш алыш учун кирип: Б.Табалдиев менин Батукаев жөнүндө пресс-конференциямдын алдында телефон чалганын депутаттарга айтсамбы айтпасамбы деп суроо берген имиш. Мен Акундун сөзүн суракта да, көзмө-көз беттертирүүдө да жокко чыгардым. Батукаевдин чыгып кеткенине байланыштуу мен ал кездеги Президенттен эч кандай тапшырма алган эмесмин жана да башка бирөөгө тапшырма берген эмесмин, ошол эле Акунга да эч кандай кеңеш берген эмесмин. Акун болсо мага омбудсмен катары келет эле. Ал менден суранганы: Президент аны жеке кабыл алууга чакырсын, көптөн бери кирелекмин маанилүү сөзүм бар. Атамбаевге анын отүнүчүн айтсам кабыл албайм деген, ал жөнүндө Акунга кабарлагам. Батукаев тууралуу ортобузда сөз болгон эмес, себеби бул маселе менен мен алектенген эмесмин, эч тиешем болгон эмес, кабарым да жок эле. Батукаевдин сыртка чыгып кеткени жөнүндө маалыматты ММКдан гана билдим»,-деди Нарымбаев.

Эске салсак, Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев Батукаевдин иши  боюнча  Турсунбек Акун менен бетме-бет жолугушуу өткөрүлүп, сурак беришкен.

Количество просмотров: 9