• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Нарын — Баетов унаа жолунун 36 чакырым аралыгы оңдолот

9 Баш оона 20239:16 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик маанидеги Нарын — Баетов унаа жолун оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда унаа жолдун 9-14-чакырым аралыгында жер иштери жүрүп, жол кеңейтилип, асфальт төшөөгө даярдалып жатат. Ал эми 115-120-чакырым аралыгында 1250 метр жабык дренаж жасалып, азыркы тапта түтүктөрдү орнотуу менен жолду таптоо жана кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Жол куруу иштерин «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын№ 1 Жол курулуш башкармалыгынын кызматкерлери атайын тартылган техникалар менен аткарышууда.

«Мамлекеттик маанидеги Нарын — Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Быйыл анын 36 чакырымын оңдоо каралган», — деп айтылат Транспорт министрлигинин маалыматында.

Количество просмотров: 55