• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Нарын мамлекеттик университетинин ректору алмашты

22 Чын куран 202517:20 Бишкек Govori.TV

Тилек Исабеков Нарын мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрелде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жаңы дайындалган ректорун жалпы жамаат менен тааныштырды.

Тилек Исабеков 2015-жылдан бери Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин Гидротехникалык курулуш жана суу чарба кафедрасынын профессору болуп эмгектенип келген.

Количество просмотров: 364