Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешовдун демилгеси жана аракети менен С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Дарылоо иши» (Лечебное дело) адистиги ачылды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аталган адистик жаңы окуу жылына карата алгачкы абитуриенттерди кабыл алат.
Белгиленгендей, медициналык билимге ээ болууну каалаган бүтүрүүчүлөр үчүн бул абдан жакшы мүмкүнчүлүк. Себеби Медициналык академияга тапшыруу үчүн ЖРТдан алган босого баллы 200 баллдын тегерегинде болсо, Нарын мамлекеттик университетине босого баллы 120 баллдан өйдө, ал эми химия, биология сабактары боюнча алган упайы 60 баллдан өйдө болгон абитуриенттер кабыл алынат.
Окутуу мөөнөтү 6 жыл. Окуу күндүзгү шартта, контракттык негизде жүргүзүлөт. Бюджеттик орундар дагы каралат. Абитуриенттерди кабыл алуу 2024-жылдын 20-июнунда башталат.