• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Нарын облусуна жаңы прокурор дайындалды

23 Бугу 2022 17:40 Бишкек Govori.TV

Аттокур уулу Алтынбек КР президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик кызматкерлерди ротациялоо жөнүндөгү жарлыгынын негизинде Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин буйругу менен Нарын облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчулүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-майда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев жаңы дайындалган жетекчини облустун активине тааныштырып, ишине ийгилик каалады.

Аттокур уулу Алтынбек 1976-жылдын 18-февралында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. Прокуратура тармагына 2001-жылы кирип, Жалал-Абад облустук прокуратурасында тергөөчү, прокурордун жардамчысы, район, шаарлардын прокурорлорунун орун басары, облустук прокуратурада болүм башчы болуп иштеген. 2017-2021-жылдары Ош облусунун Өзгөн районунун прокурору болуп эмгектенген. 2021-жылдын март айынан бери Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары болуп иштеп келген.

Количество просмотров: 3251