• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Нарын – Оорук–Там унаа жолу жазга чейин жабылды

14 Жетинин айы 202417:20 Бишкек Govori.TV

 Нарын – Оорук–Там унаа жолу 2025-жылдын 15-апрелине чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Кыргызавтожолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчы буйругунун негизинде кабыл алынды.

Ошентип, Нарын – Орук–Там унаа жолунун Эки-Нарын айылынын 50-чакырым аралыгынан Капчыгай бөлүгүнүн 75-чакырымына чейинки унаа жолунун кыш мезгилинде аба-ырайынын жана жол шартынын татаалдыгынан тейлөөгө мүмкүн болбогонуна, кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыктан жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири материалдык чыгымдардын болушуна жол бербөө максатында 2024-жылдын 14-ноябрынан тарта, 2025-жылдын 15-апрелине чейин убактылуу жабылды.

Белгилей кетсек, аталган унаа жолу жыл сайын ноябрь айынан апрель айына чейин жабылат.

Количество просмотров: 199