• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Нарын районундагы мектептер да суукка байланыштуу онлайн окуйт

13 Үчтүн айы 20269:04 Бишкек Govori.TV

-35 градуска чейин төмөн түшүп жаткан аба ырайына байланыштуу Нарын районундагы жалпы 32 мектеп аралыктан окууга өткөрүлдү.

Мындай чечим 12-январдагы штабдык отурум учурунда кабыл алынган.

Белгиленгендей, ӨКМ аймактагы суук 19-январга чейин күчүндө болорун билдирген. Мындан улам алыс жактардан, тоо этектеринен келген балдардын коопсуздугуна жана ден соолугуна кам көрүү максатында окуучулар онлайнга өтүшкөнү айтылды.

Буга чейин Ак-Талаа районундагы мектептер да сууктан улам аралыктан окууга чыгышкан болчу.

Количество просмотров: 114