• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Нарында “Бозо” фестивалы өтүүдө

15 Бирдин айы 202614:57 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү, аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында “Бозо” фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада улуттук суусундук болгон бозонун даярдоо ыкмалары жана түрлөрү кеңири чагылдырылууда.

Ошондой эле “Нарын бренди” аталган жергиликтүү азык-түлүктөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери келген конокторго тааныштырылып жатат.

Мында кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалаган улак тартыш, салбуурун, жаа атуу сыяктуу улуттук оюндар көрсөтүлүп, иш-чара концерттик программа менен коштолууда.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль 13-февралдан 16-февралга чейин уланып, Нарын облусуна ички жана чет өлкөлүк туристтерди тартууну көздөйт.

Количество просмотров: 106