• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нарында шамал үйлөрдүн чатырларын учурду

19 Бугу 20259:29 Бишкек Govori.TV

18-майда Кочкор районун Сары-Булак айыл аймагында катуу шамал катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, катуу шамал Ак-Кыя, Төлөк айылдарында турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткен.

Ошондой эле Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагында да катуу шамал катталып, натыйжада Лахол, Жер-Көчкү айылдарында турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткендиги маалымдалган.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну, өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз «112» кызматына билдирүүнү эскертет!

Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Теги:
Количество просмотров: 151