Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтындагы негизги туу катуу шамалдын кесепетинен айрылып калды.
Социалдык тармактарда тараган видеодон желектин айрылып калганын жана ал жерге түшүрүлгөнүн көрүүгө болот.
Бир аз убакыт мурда ӨКМ жакынкы бир саат аралыгында жана түнкүсүн Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлөрүн билдирген.