• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Токмоктогу катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти

24 Жетинин айы 202413:31 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Токмок шаарында болжол менен саат 11:51 чамасында ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен шамал болуп, Чүй көчөсүндө жайгашкан мектептин чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Бул маалыматты тактоо максатында Токмок шаардык №21 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылган.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Кыргыз гидрометтин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 24-ноябрь күнү саат 13:10го карата Токмок шаарында чыгыштан соккон ылдамдыгы секундасына 24 м/с чейин жеткен шамал болгон.

Мындан улам ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат:

  • унааңызды бак-дарактын, жарнамалык такталарынын, имараттын жанына токтотпоңуз;
  • үйдүн терезелерин жабыңыз;
  • элект чубалгыларынан жанына барбаңыз;
  • көз айнек тагыныңыз.
Количество просмотров: 185