• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Назира Айтбекова: 30 жылдан бери баатырды күтүп отурабыз

14 Кулжа 2022 10:47 Бишкек Govori.TV

Блогер Назира Айтбекова социалдык баракчасы аркылуу өлкөнү өнүктүрүү үчүн кандайдыр бир баатырды күтүүнүн кажети жок. Ал үчүн ар бир жаран өзү аракет жасоо керек деген таризде билдирүү жазды.


«30 жылдан бери баатыр күтүп , качан бизди куткарып кетет деп коюп олтурабыз го! Ал баатырды маа демек 90 жыл күтсөң деле келбейт!»
«Ал силер күтүп олтурган баатыр менмин, сенсиң, тигил, баарыбызбыз! Кыргызстанды башынан түптөп, ийрейсе , түздөп , сазга сайылып калса, чыгарып алып, өрүштү көздөй сүйрөй турчу бизбиз, өзүбүзбүз!»


«Тамагымды азыр бирөө келип жасап берет деп олтурбайбыз да! Керели кечке ошол тамакка кетчү азык — түлүктү табыш үчүн акча табабыз. Анан кечинде келип алып, жасап жейбиз. Ошондой эле Мекендин эртеңине эч ким келбейт».


«Жоопкерчиликти качан гана ар кимибиз моюндап, “Мекеним үчүн мен жооптумун! “ , “Кыргызстанымдын , өзүмдүн тагдрыма жоопкерчиликти өзүм алам!” деген күндөн баштап, өлкөбүз дагы, өз тагдырыбыз дагы өзгөрүлөт!»

«Мекенден качып , жылуу , күнөстүү , көйгөйү жок жерде жашаш оңой! Бирок кыйрап калган жерди түздөш, соолуп калган жерди гүлдөтүү алда канча машакаттуу болгону менен жемишин көргөндө ушундай ырахаттуу! Жашоонун маңызы, мааниси ошондо чыгат!»,-жеп жазды Айтбекова.

Количество просмотров: 381