• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Айтбекова: “Соке кетсин”, “Саке кетсин!”, “Каке кетсин” дей бергенден майнап чыкпайт

1 Жетинин айы 2022 16:54 Бишкек Govori.TV

Блогер Назира Айтбекова өзүнүн социалдык баракчасына учурдагы саясат тууралуу ой-толгоосун жазды. Анын билдирүүсүндө «эң башкы төңкөрүш жан дүйнөдө болмоюн миллион жолу “Соке кетсин”, “Саке кетсин!”, “Каке кетсин” дей бергенден майнап чыкпайт».-деп айтылат.


«Бир агам менен үч-төрт саат кенен маектештик өзүнчө. Учурунда Бакиевдин режимине каршы күрөшүп, оппозицияда жүрүп, өлтүрүп кое жаздап, үй-бүлөсүнө чейин коркунуч туулганда таламын талашып жүргөн саясатчылар кылын кыймылдатпай койгонун кеп кылдык. Тилекке каршы, жанында жүргөн журналисттердин далайынын көзү тазаланыптыр. Агам эптеп башка өлкөгө качып, кутулган экен.

Ал мага “Назира, саясатчылар эл көзүндө кырылып, көшөгөнүн артында кучакташып чай иче беришет. Сенин курчтугуңду, тайманбастыгыңды колдонуп, бийликке жеткен соң, бирин дагы таппайсың. Сайып, сатканды гана билгендер саясатчы болушат” деди. Эң эле эсте калган сөзү “Ак шакалдардын ордун жаш шакалдар басып жатат!” дегени болду. Тилекке каршы, “Жаштар келсин!” дегенибиз оңунан чыкпай, алар мурункулардан да өтөөрүн көрдүк.

Бир саясатчынын артынан ээрчип, ошонун артынан камалып кеткендер сабагын балким алышаар. Чындык үчүн өз алдынча күрөшкөндөр, көмүлүп калган чындык үчүн чыркырагандар башка кеп. Бир партиянын, бир саясатчынын таламын талашпай эле койгон оң.

Айрымдары үйдө жылуу-жумшак олтуруп алып эле “Сен эмнеге унчукпай атасың? Сен сүйлөбөйсүңбү? Сен кыйкырбайсыңбы?” дей бергендер, өзүңөр көчүктү дивандан көтөргөндү, көк жал болгонду, жашооңорго өзүңөр жоопкерчилик алганды, башкадан күткөндү токтотконду үйрөнүүңөр абзел.

“Соке кетсин!” менен бүткөн менин саясатым. Саясаттын чыныгы жүзү, “Чоң казат” менен ачылган. Эми “Саке кетсин дей сал” дегендер, күтпөй эле койгула аны менден. Төңкөрүш жан дүйнөдө болмоюн миллион жолу “Соке кетсин”, “Саке кетсин!”, “Каке кетсин” дей бергенден майнап чыкпайт. Алардын ордун эртең эле ошондой Баке, Таке, Раке басат. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт.

Жараткан мага учурунда акыл берди. “Саясый төңкөрүш эмес, маданий, жан дүйнөнүн төңкөрүшүн жаса” деди. Жасап жатам өз чабытымда. Бир адамды ээрчибей, бир идеяны, бир партиянын туусун көтөрбөй, Кыргызстандын туусун көтөрөлү. Анан 1000 сомго добушун саткандар, кайсы арыңарга силерди сатып алган депутаттардан өзгөрүү күтүп жатасыңар? Туура адамды, акыйкат менен тандай алганда абалыбыз өзгөрөт»,-деп жазды Айтбекова.

Количество просмотров: 818