• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Next TV телеканалы эфирин калыбына келтирүү аракети көрүлүүдө

4 Чын куран 2022 17:02 Бишкек Govori.TV

Next TV каналынын кызматкерлери башка кеңседе эфирди калыбына келтирүү аракетин көрүп, тесттик режимде ишин баштады. Бул тууралуу телеканалдын ээси Равшан Жээнбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, телеканал азырынча өз продукциясын чыгара элек. Бирок “Азаттык”, “Говори ТВ”, «Настоящее Время» агенттиктеринин жана башка эркин медиа өнөктөштөрүнүн берүүлөрүн чыгарып жатат.

2-мартта Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Алнур Мусаев Facebook баракчасына Кыргызстан менен Тажикстан Орусияга аскердик жардам көрсөтүүгө даярдык билдиришкенин жазган.

3-мартта Кыргызстандын Коргоо министрлиги Мусаевдин бул билдирүүсүн четке каккан. Ушул эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Next TV телеканалына карата Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” деген 330-беренесинин негизинде иш козгогон. Телеканалдын кеңсесине кирип-чыгууга тыюу салган.

5-мартта телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев эки айга камакка алынган. Кийин райондук соттун бул чечимин шаардык сот да колдогон.

Количество просмотров: 88