• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жергиликтүү шайлоолор: Партиялардын теледебаттарынын графиги жарыяланды

12 Жетинин айы 202410:18 Бишкек Govori.TV

БШК улуттук жана облустук телеканалдарда теледебаттарды өткөрүүнүн графиги тууралуу маалымдайт. 

​«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына ылайык катышуучуларга прайм-тайм убагында – иш күндөрү саат 20:00дөн 24:00гө чейин акысыз эфир убактысы берилет. Акысыз эфирдик убакыттын жалпы көлөмү бир сааттан кем эмес болушу керек, бул убакыттын жарымынан кем эмеси биргелешкен дебаттарга жана калган убакыт бардык партияларга бирдей шартта мүмкүнчүлүк берилген башка үгүт иш-чараларына бөлүнүшү керек.

​Телерадио берүү уюмдарынын каналдары боюнча биргелешкен үгүт иш-чараларына катталган саясий партиялар талапкерлердин катталган тизмесиндеги депутаттар аркылуу катыша алышат.

​Биргелешкен үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартуу же келбей коюу акысыз эфирдик убакыт берүүгө алып келбейт.

Количество просмотров: 114