Бүгүн 21-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин иши боюнча сот отуруму өттү. Анда Дүйшөмбиев коюлуп жаткан айыпты моюнуна албай турганын билдиргенин «Азаттык» жазды.
Маалыматка караганда, телеканалдын күбө катары көрсөтмө берген эфирдик оператору соттук териштирүүгө себеп болгон маалыматтын жарыяланышына Дүйшөмбиевдин тиешеси бар деп айта албай турганын айткан.
«Адвокаттар айыптоого негиз болгон экспертизалык бүтүмгө кол койгон эки экспертти да кийинки отурумга күбө катары чакырууну өтүнүштү. Судья бул өтүнүчтү канааттандырды»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, кийинки отурум 27-июлга белгиленген. Дүйшөмбиев УКМКнын тергөө абагында кармалууда.