• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Next TVнын директору Дүйшөмбиев 3-августка чейин камакта калтырылды

29 Кулжа 202212:05 Бишкек Govori.TV

Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөмбиевдин бөгөт чарасы дагы узартылды. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 3-августка чейин камакта калтырылды.

Быйыл 3-мартта кармалган, ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурган жетекчинин бөгөт чарасы ушуну менен үчүнчү жолу каралып, мөөнөтү узартылып жатат.

Атайын кызмат быйыл 3-мартта Next TV телеканалына каршы «улут аралык кастыкты козутуу» деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган.

Количество просмотров: 88