Улан Ниязбеков 1975-жылы 28-августта туулган. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Эмгек жолу:
1993-1994 — КРдин Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн;
1998 — Чүй облусунун Аламүдүн району боюнча Финансы полициясынын башкармалыгынын ыкчам кызматкери. Кийин Финансы полициясынын Чүй жана Талас облустары боюнча бөлүмдөрүн жетектеген;
2008 — Баткен облусунда жана Бишкек шаарындагы ички иштер органдарында эмгектенген;
2010 — Ички иштер министринин жардамчысы;
2011 — ИИМдин каржы-чарбалык башкармалыгынын жетекчиси, кийин ИИМдин 7-башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
2020-жылдын 11-октябрынан бери ички иштер министри.